Жыл башынан бери “Коопсуз шаар” камерасына жасалма номерлүү унаа менен жүргөн 804 факт катталган. Бул тууралуу бүгүн ЖКККББнын орун басары Иманалы Саркулов билдирди. Жалпы 11 миң сом айып пул жазылган.

Ошондой эле 578 ACD номери тагылган Mercedes-Benz унаасынын ээси табылганын маалымдады.

“Бул номер тагылган бардык унаалар бир гана кишиге таандык. Ал эми номер тууралу айтсак, кармалган жаран аны унаа базарынан ары Военно-Антоновкадан табып алганын айтып жатат. Ал күнөөсүн мойнуна алып, кызматташууга даяр экенин билдирди”,- деп белгиледи Саркулов.

Ал эми депутат Улукбек Ормонов: ” Бизде жасалма номер менен же орган кызматкерлери же ири чиновниктер гана жүрө алат” дейт

Укук коргоо органдарынын өкүлдөрү кармалган жаран КР укук коргоо органында иштей турганын тастыкташкан жок.

 

Макала жактыбы?

НетДа
1
1
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 265