Өлкөгө инвестициянын келиши биздин айылдардын жана шаарлардын социалдык инфраструктурасын гана жакшыртпастан, өлкө экономикасын дагы көтөрөт. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Нарын облусундагы «Ат-Башы» индустриялык-соода-логистикалык борборунун пайдубалына капсула салуу аземинде билдирди.

«Логистикалык борбордун курулушу – бул масштабдуу долбоор, Борбор Азия аймагындагы заманбап жана ири борборлордун бири болот. Мунун социалдык-экономикалык мааниси чоң. Логистикалык борбордун курулушу менен бери дегенде 10 миң жумуш оруну түзүлүп, бул орундардын 90% биздин жарандарга берилет», – деди Премьер-министр.

Өкмөт башчы «Ат-Башы» индустриялык-соода-логистикалык борбору жалпы өлкө үчүн экономикалык, социалдык жана саясий мааниси чоң болорун белгиледи.

«Бул долбоор Кытай Эл Республикасы менен Кыргыз Республикасынын, ошондой эле эки мамлекеттин башчыларынын достук мамилесинин натыйжасынан улам жүзөгө ашырылууда.  Мындай масштабдуу долбоор тууралуу Советтер Союзу ыдырап жаткан учурда айтылган, бирок азыр турмушка ашып жатат. Бүгүн ишке киргизилип жаткан долбоор – кыргыз эли менен кытай элинин достугунун жана өз ара ишениминин айкын мисалы», – деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

Премьер-министр 2019-жылдын 9 айында ата мекендик продукциянын экспорттук көрсөткүчү 11%га жогорулады, ошол эле учурда импорт 9%га төмөндөгөнүн кошумчалады.

Маалымдама: «Ат-Башы» индустриялык-соода-логистикалык борборунун долбоордук курулушу 275  млн АКШ долларына бааланууда. Курулушу аяктагандан кийин анын жалпы аянты 400 гектарды түзөт. Биринчи баскычта 1000 киши жумуш менен камсыз болот, кийинки этаптарда бул сандар кыйла жогорулайт.

Макала жактыбы?

НетДа
1
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 56