3-декбарда Өкмөткө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы мурда “Кыргызстан” банкына тийиштүү болгон мүлктү камакка алуу боюнча тергөө сотуна өтүнүч келтирди. Бул тууралуу Kaktus.media га өздүк булактар билдирген. Белгилүү болгондой киши жашабаган имараттарга тинтүү жүргүзүлдү. Бирок финполициянын өтүнүчүн сот канааттандырдыбы азырынча белгисиз.

Белгилей кетсек Өмүрбек Бабановдун эжеси аталган банктын негизги акционери болуп эсептелет, ал акциянын 97%на ээлик кылат.

9-октябрда “”Кыргызстан” коммерциялык банкы” ачык акционердик коомунун акционери З.Коңурбаевадан финполго арыз келип түшкөн. Арыздануучу банктын жетекчилигинин ишине байланыштуу факт келтирип, чара көрүүнү өтүнгөн. Мындан улам Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы мүлктөрдү камакка алууну көздөгөн.

Тергөөнүн маалыматында, 2010-жылы банктын жетекчилиги “Азия Истейт” ЖЧКсынын дарегине карата 46 миилион сом өлчөмүндө атайылап баасы төмөндөтүлгөн мүлктү алышкан.

Андан соң “Азия Истейт” мүлктү “Варантон Ресурсес” чет элдик компаниясына өткөрүп 169 миллион сом карыз алган. Бул акчаларды “Азия Истейт” кыймылсыз мүлктөрдү оңдоп-түзөөгө короткон имиш, киийн акча банкка убактылуу колдонуу үчүн берилген.

Ал эми финполиция банк төмөндөтүлгөн баа менен “банктын негизги каражаттарын фиктивдүү сатууда” акционерлерге жана мамлекетке зыян алып келди деп эсептейт.

“Азия Истейт” пайдасына банктын төмөндөгү мүлктөрү алынган:

1. “Востоке-5” кичи районундагы киши жашабаган имарат

2. Исанов көчөсү, 87 дарегиндеги киши жашабаган имарат.

3. Эркиндик проспектиси, 59 а дарегиндеги киши жашабаган имарат.

4. Кара-Балтадагы Жайыла Баатыр көчөсүндөгү киши жашабаган имарат.

5. Токмоктогу Трясин көчөсүндөгү киши жашабаган имарат .

6. Оштун Курманджан Датка көчөсүндөгү киши жашабаган имарат.

7. Джалал-Абаддын Эркиндик көчөсүндөгү киши жашабаган имарат.

8. Таш-Кумырдөгү Ч. Айтматов көчөсүндөгү административдик мекеме.

9. Кызыл-Кыянын Молодежное көчөсүндөгү киши жашабаган имарат.

10. Нарындагы Кулумбаев көчөсүндөгү киши жашабаган имарат.

11. Ат-Башыдагы Чатыл-Көл көчөсүндөгү киши жашабаган имарат.

12. Караколдогу Токтогул көчөсүндөгү киши жашабаган имарат.

13. Балыкчыдагы Гагарин көчөсүндөгү киши жашабаган имарат.

14-15. Чолпон-Атадагы Советский жана Санаторский көчөсүндөгү киши жашабаган имарат.

16. Таластагы Бердике Баатыр көчөсүндөгү киши жашабаган имарат.

 

 

Макала жактыбы?

НетДа
1
1
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 1 009