Милиция кызматкерлери тарабынан жергиликтүү жашоочуну тоноп кеткен шектүү жарандар кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

5-декабрда Биринчи май РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Т.У. аттуу тургун арыз менен кайрылган. Арызында ал 5-декабрда 4:30 чамасында 45 миң сомдук «Айфон» үлгүсүндөгү телефонун тартып алып, качып кеткен белгисиз жарандарга чара көрүүнү өтүнгөн.

Биринчи май РИИБдин кызматкерлеринин издөө иш-чараларынын жүрүшүндө аталган кылмышка шектүү катары 1997-жылы туулган М.Э. менен 1998-жылы туулган М.К. кармалган. Учурда убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Ал эми бул факт Жазык кодексиндеги 201-берене (тоноо) боюнча Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды.

Макала жактыбы?

НетДа
1
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 88