Жээнбеков Бириккен Араб Эмираттарына учуп келди

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 11-декабрда Бириккен Араб Эмираттарына расмий визит менен келди. Мамлекет башчысы БАЭге визитин Абу-Дабинин Мураскер ханзаадасы, БАЭ Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы командачысынын орун басары Мухаммед Бин Заед Аль Нахаяндын чакыруусу менен жасоодо.

Расмий визиттин алкагында, Абу-Дабинин Мураскер ханзаадасы жана БАЭнин Вице-президенти, Премьер-министри Мухаммед бин Рашид Аль Мактум менен эки тараптуу жолугушуу пландалган.

Мындан тышкары, БАЭнин соода-өнөр жай палатасынын, ири компаниялардын жана ишкерлер чөйрөсүнүн өкүлдөрү, Зайед Фондунун башкы директору Хамад Салем бин Кардоус Аль Амери жана БАЭде убактылуу жашап жаткан мекендештер менен жолугушуулар күтүлүүдө.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь