Батукаевдин соту боюнча суралып жаткан Рысалиевдин Кыргыз Республикасынын аймагынан чыгып кетиши тууралуу ИИМ билдирүү таратты. Алардын маалыматы боюнча жактоочусунун өтүнүч каты канаатандырылып “өлкө аймагынан чыкпоо тууралуу чектөөлөр” Зарылбек Рысалиевден алынып салынган.

” 2019-жылдын 2-ноябрында З.Рысалиевдин ден-соолугуна байланыштуу Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары аймакта дарыланышы зарыл экендиги боюнча анын жактоочусу кайрылган. Ошого байланыштуу Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлигинин Тергөө кызматы, анын ден-соолугунун абалын эске алуу менен жана Кытай Элдик Республикасынын аймагында дарыланууга мүмкүнчүлүгү бар экендигин эске алуу менен З.Рысалиевге карата белгиленген Кыргыз Республикасынын аймагынан чыкпоо тууралуу чектөөлөр алынып салынгандыгын белгилейбиз.”- деп жазылат билдирүүдө .

 

Макала жактыбы?

НетДа
0
1
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 109