Кол салууга кабылган журналисттерге мэрия ыраазычылыгын билдирди

81

2-декабрда “Ак-Ордо” конушунда мыйзамсыз демонтаждоодо NewTV телеканалынын журналисттери кол салууга кабылган. Алар дал ошол учурда окуяны түз эфирде чагылдырып жүрүшкөн.

Бишкек шаарынын мэриясынын жер ресурстар башкармалыгынын башчысы Талантбек Иманакун уулу New TV телеканалынын кабарчыларынын эрдиги жана жарандардын кызыкчылыгын коргогондугу үчүн терең ыраазычылык билдирди.

Кабарчылардын айтымында, белгисиз аял аларга кол салып, денесине жеңил жаракат келтирип, баасы $7 миң доллар турган видеокамераны сындырган. Ал эми аялды күтүп отурган Honda Stepwgn унаасындагы киши журналисттерди сүзүп өтүүгө аракет кылган.

Окуяга байланыштуу Ленин райондук ИИБнин кызматкерлери 1988-ж.т. А.А. жана 1987-ж.т. О.У.ну кармашты. Учурда тергөө жүрүүдө.

 

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь