Бүгүн 11-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында “Кумтөр” кениндеги иштин шарттары жана коопсуздугу көтөрүлдү.

Кумтөрдөгү кырсыктан жоголгон эки жумушчунун алигиче табылбай жатканына байланыштуу парламентте депутаттык комиссия түзүү демилгеленди.

Депутат Аида Исмаилова Кумтөрдө иштеп жаткан жарандар кайрылышкандыгын, Жогорку Кеңеш, өкмөт үн катпай жаткандыгын айтышкандарын билдирди.

“Жоголгондор табылабы же  табылбайбы? Эмне иштер жасалып жатат? Өкмөт маалымат бериши керек, коомчулук муну талап кылып жатат”,- деди Исмаилова.

Ал эми депутат Максат Сабиров: “Жогорку Кеңеште комиссия түзөлү. Бул болгон окуя башка кен чыккан жайларга да сабак болушу керек. Кумтөрдө жер дагы көчүшү мүмкүн экендиги айтылууда. Эмнеге ал жерде техника коопсуздугу сакталган эмес”,-деди.

 

 

Макала жактыбы?

НетДа
1
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: