ӨКМ: Акыркы сутка ичинде республиканын аймагында 18 өрт кырсыгы катталды

44

Акыркы сутка ичинде республиканын аймагында 18 өрт кырсыгы катталды. Өрттү өчүрүүгө 21 бөлүм жөнөтүлгөнүн ӨКМдин басма сөз кызматы бүгүн, 11-декабрда билдирди.

Бишкектеги Абдраев көчөсүндөгү жыгач устундуу шифер менен жабылган турак үйдөн өрт чыгып, анын чатыры жана ашкана бөлмөсүндөгү тиричилик буюмдары күйдү. Адамдар жабыркаган жок. Өрттүн себеби такталууда.

Фучик көчөсүндө жайгашкан батирде үй эмеректери күйдү. Өрт электр коопсуздук эрежелеринин бузулушунан келип чыккан.

Ошондой эле Ортоңку Жал кичи районундагы үйдүн короосунда көмөк чордондон өрт чыкты. Өрттүн кесепетинен жанында турган «БМВ» үлгүсүндөгү унаа толугу менен күйдү. Учурда өрттүн себеби такталууда.

Сокулук районунун Ак-Жол айылында дүкөн өрттөндү. Маалыматка караганда, кырсык айылдын Школьная көчөсүндө болгон. Анын кесепетинен дүкөндүн ички 150 чарчы метр жасалгасы күйүп кетти.

Москва районунун Садовый айылында темир вагон толугу менен күйүп кетти. Өрттүн себеби такталууда.

Ошондой эле Сокулук районундагы короодо «Жигули» үлгүсүндөгү унаа өрттөндү.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь