Жеке адамдын маалыматы тууралуу ЖМКга жалган маалымат таратылганына байланыштуу кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы маалымдады.

Мамлекеттик каттоо кызматынын башчысы Алмаз Мамбетов 6-декабрда Ички иштер министрлигине жасалма номурду бир нече автоунаада пайдаланып жүргөн факты боюнча чара көрүүнү суранып арыз жазган. Ошондой эле жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын мониторинг борборундагы айрым кызматкерлерди кылмыш жоопкерчилигине тартууну суранган.

Арыз боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, 320-берененин (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) 2-бөлүмү боюнча сотко чейинки өндүрүшкө алынды.

Эске салсак, буга чейин “01 578 ASD” деген окшош номур тагылган беш түрдүү машиненин видеокөзөмөл камераларына түшүп калган сүрөттөрү тараган. Алардын бири 1-декабрда жол эрежесин бузуучу катары тартылган. Айрым жергиликтүү сайттар айдоочу Алмаз Мамбетовго окшоштугун жазып чыгышкан. Бирок муну Мамбетов өзү төгүндөгөн.

Макала жактыбы?

НетДа
3
1
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 153