Кой-Таш айылында 7-8-август күндөрү түзүлгөн кырдаалды иликтөө боюнча мамлекеттик комиссия мурдагы президент Алмазбек Атамбаев президенттиктен кеткенден кийин да бийликти көзөмөлдөп турууга ниеттенген деп эсептейт. Бул тууралуу депутат Тынчтыкбек Шайназаров Жогорку Кеңеште комиссиянын корутундусун окуп жатып айтты:

” Атамбаев Кыргыз Республикасынын президентинин ыйгарым укуктарын 2017-жылы токтоткондон кийин да негизги коомдук-саясий процесстеги таасир сактоого жана мамлекеттик инстутуттарды көзөмөлдөп турууга ниеттенген. Ал үчүн президенттик шайлоодон кийин бийликтин конституциялык түзүлүшүнө жанаша бейформал башкаруу системасын түзүүгө аракет кылган.”

Комиссия Алмазбек Атамбаев президент Сооронбай Жээнбековго ачык кысым көрсөтүү менен ошол кездеги премьер-министр Сапар Исаков, УКМКнын төрагасы Абдил Сегизбаев, анын орун басарлары Болот Сүйүнбаев, Дамир Мусакеев, ички иштер министри (ИИМ) Улан Исраилов жана ошол кездеги башкы прокурор Индира Жолдубаева аркылуу бийликке таасир этүүнү көздөгөн деп эсептейт.

Учурда Жогорку Кеңеште Кой-Таш окуясын иликтеген мамлекеттик комиссиянын корутундусу каралып жатат.

Булак: “Азаттык”

Макала жактыбы?

НетДа
1
1
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 122