Бүгүн 12-декабрда Жогорку Кеңеш 7-8-августта Кой-Таш айылында түзүлгөн кырдаал боюнча мамлекеттик комиссиянын корутундусун угууда.

Кой-Таш окуясы боюнча мамлекеттик комиссиянын мүчөсү, депутат Тынчтык Шайназаров иликтөөдө Асель Кодуранова менен Ирина Карамушкинанын пикирин угууга мүмкүнчүлүк болгон жок деп белгиледи. Алар канча ирээт чакырылса дагы мамлекеттик комиссиянын мүчөлөрү менен жолгуудан тапкатыр баш тартышкан.

Комиссия эки ай бою иш алып барды. Анын жүрүшүндө окуяга күбө болгондор, тиешелүү органдардын өкүлдөрү маалымат берип, Кой-Таш айылынын тургундары менен жолуккан. Мындан сырткары комиссия мүчөлөрү мурдагы президентти кармоо маалындагы башаламандык боюнча козголгон кылмыш ишинин материалдары, анын ичинде жашыруун маалыматтар менен таанышкан.

Кой-Таштагы окуяларды иликтөө боюнча мамлекеттик комиссия 29-августта түзүлгөн. Анын курамына вице-премьер Жеңиш Разаков баш болгон өкмөт өкүлдөрү, парламенттин бир нече депутаты, коомдук ишмерлер жана жарандык коомдун өкүлдөрү кирген.

 

Макала жактыбы?

НетДа
2
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: