Кыргызстанда издөөгө алынган адам Россиядагы түрмөдө отурат. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Ноябрь айында ИИМдин Россиядагы өкүлчүлүгү уюшкан кылмыштарга каршы күрөшүү башкармалыгы жана Бишкек ШИИБдин Криминалдык милиция кызматынын кызматкерлеринин жардамы менен издөөдө жүргөн 28 жаштагы М.А. аттуу жарандын жүргөн жерин аныкташты.

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун 1991-жылы туулган тургуну уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин каттоосуна алынган. Ал 2015-жылдын апрель айында Бишкекте өзүнүн шериктери менен жабырлануучуну сабап, качып кеткен. Ал эми 2019-жылы ага издөө жарыяланган.

ИИМдин өкүлүнүн айтымында, М.А. 2017-жылдан бери Россияда опузалоо жана куралды мыйзамсыз алып жүрүү беренеси боюнча жазасын өтөп жатат. Ал башка адамдар менен мекендештеринен акча талап кылып жүргөн. Россияда жазасын өтөп бүткөндөн кийин ал Кыргызстанга которулат.

Макала жактыбы?

НетДа
3
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: