Кырк чоро: Отунбаева айылдыктарды кемсинтти (ВИДЕО)

170

Бүгүн “Кыргыз чоролору” коомдук бирикмеси маалымат жыйын куруп музейдеги чуу жараткан окуя боюнча түшүндүрмө берди. Алардын айтымында азыркы учурда социалдык тармактарда  көпчүлүк сындап жаткан “кырк чоро” бирикмеси ал жерде болгон эмес. Бирок батышчыл көз караштагы бейөкмөт уюмдарга каршы дайым күрөшүп келет. Ошону менен бирге экс-президент Роза Отунбаеванын “айылдыктарды кемсинтти” деп билдирет.

“ Музейде болгон окуяга биздин эч кандай тиешебиз жок. Бирок көпчүлүк маалымат каржаттарында бизди ошол жерге аралашкан деп чыгып жатат. Ал жалган. Калпак кийген адам ушундай ишке катышса бизге күнөө оодарган адат таап алышты. Бирок биз ошол жерде болгондо ушундай кадамга бармакпыз. Ал жерде аялдардын укугу деп “жылаңач” кыздарды чыгарып каада-салтка каршы келген ишти алып барды. Аларды каржылаган батыштан келген НПОлор”,- деди Көчөрбаев.

Ал эми экс-президент Отунбаева мындай иштерге аралашпоо керек экенин эске салды. Себеби анын таасири күчтүү.

” Отунбаева 2010-жылы айылдыктардын арты менен келген. Ал эми бүгүн “ичкен кудугуна түкүрүп жатат” өзү деле айылдан келип башка бир көз карашты жамынып айыл элин кемсинткен туура эмес.” 

Өлкөдөгү коомдук саясий кырдаал. Кыргыз өкмөтүнө кайрылуу.

Өлкөдөгү коомдук саясий кырдаал. Кыргыз өкмөтүнө кайрылуу.

Опубликовано Элдик медиа Дадим слово каждому Среда, 11 декабря 2019 г.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь