Депутат Жылдыз Мусабекова 12-декабрдагы парламенттин жалпы жыйында Нарын шаарынын жашоочулары үчүн салынып аткан ипотекалык турай-жай долбоору аягына чыкпай калганын билдирди. Анын айтымында 2016-жылы Нарын шаарына курулчу 5 кабаттуу 60 батирлүү үйдүн курулушунан ортомчу компания пайда көрүп жатат. Башында 350 доллар деген убада азыркы учурда 700 долларга чыгып кеткен.

“Нарындыктарга бул үй көз тайгылткан, Бишкектегидей элиталык үйлөрдөн болору убадаланып, батирлер ипотекалык насыя менен 15 жылдык мөөнөткө берилери айтылган. Тендерди “Минур» ЖЧКсы утуп алып, үйдүн курулушу 94 млн. сомго бааланган. Үйдүн шыбагы жок бир чарчы метри 23 250 сом болмок. Бирок мындай убалардын баары курулай болгону бүгүн анык болуп отурат. Үйдүн долбоору менен үй салынчы жер кыртышы жараксыз болуп калды. Жер кыртышын үй салууга ылайыктап, кайрадан долбоорлоп чыккандан кийин 2 бөлмөлүү батирлердин аянттары кичирейип, ашканасы 2 метрди түзөт. Ал эми акчасы болсо чарчы метрине 750 долларды чапчыды, бул акчага Бишкектен 3 бөлмөлүү батир сатып алса болот. Бүгүнкү күндө Кыргыз-Орус өнүктүрүү фонду МИКке шылтаса, МИК «Минур» ЖЧКсына шылтап, жоопкерчиликти алгылары келбей атышат. Эмне үчүн Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунун акчасын ар кандай оферисттердин колуна карматып беришибиз керек? Иш сотко чейит жетсе да, Өкмөт билмексен, укмаксанга салып атат. Ушул боюнча Өкмөт жыйынтыктуу жооп берип коюшун өтүнөм», – деди депутат Ж. Мусабекова.

 

Мусабекова: Нарындагы ипотекалык үйдүн чарчы метр 750$

Мусабекова: Нарындагы ипотекалык үйдүн чарчы метр 750$

Опубликовано Элдик медиа Дадим слово каждому Среда, 11 декабря 2019 г.

Макала жактыбы?

НетДа
1
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 90