Оштон Европага аба каттамы ачылып калышы мүмкүнбү?

Учурда Екатеринбург — Ош — Прага каттамын ачуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Бул тууралуу Транспорт жана жолдор министрлигинин авиация жана суу транспорту бөлүмүнүн башчысы Арзымат Матмуратов маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, 2019-жылдын башынан бери “Абанын бешинчи боштондугу” долбоорунун алкагында Алматы — Бишкек, Алматы — Ош, Шарджа — Бишкек жана Кувейт — Ош каттамдары ачылды. Андан тышкары, Jazeera Airways октябрдын аягынан баштап жумасына эки жолу каттам аткара баштаганы маалым.

“Учурда Кореянын Asiana Airlines, Катардын Qatar Airways, Түштүк Кытай авиалиниясы, Тажикстандын Somon Air, Ural Airlines, Сауд Аравиясынын Flynas авиакомпаниясы менен каттамдарды ачуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат”, — деди Матмуратов.

Эскерте кетсек, ушул жылдын 15-январында президент Сооронбай Жээнбеков “Кыргыз Республикасынын Аба кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамга кол койгон. Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2018-жылдын 6-декабрында кабыл алынган.

 

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь