Алмазбек Атамбаев өлкөдө бийликти күч менен басып алууну алдын ала даярдаган. Бул тууралуу депутат Тынчтыкбек Шайназаров Кой-Таш айылында 7-8-август күндөрү түзүлгөн кырдаалды иликтөө боюнча мамлекеттик комиссиянын корутундусун окуп жатып билдирди. Окуяга алып келген себептер жана шарттар төмөндөгүдөй:
- Атамбаев сотко чейинки өндүрүштүн мыйзамга ачык баш ийбегендиги;
- Атамбаев жана анын тарапташтарынан тарабынан экс-президент статусту алып салууда калкты атайын адаштыруу аракеттери;
- Атамбаев жана мамлекеттик бийлик органдарынын беделин түшүрүү менен аларга терс пикирди жаратуу үчүн маалыматтык кампаниянын жүргүзүлүшү;
- Өз көзөмөлүндөгү маалымат каражаттарында Атамбаевдин жанан анын тарапташарынын окуяларын бир беткей чагылдыруу, фейк аккаунттар аркылуу региондор аралык кастыкты козуткан публикацияларды жана комментарийлердин жайылтылышы;
- Айрым саясий жана коомдук ишмерлер, жогорку кызматтагы адамдар тарабынан митингдерди, маалымат жыйындарды уюштуруу, тамактанууну уюштуруу, Атамбаевдин үйүнө адам ресуртарын кармоо менен Кой-Таш айылында нааразылык бар экенин атайын жасалма өрчүтүү максатында Атамбаевдин мыйзамга каршы аракеттерине моралдык жана материалдык колдоо көрсөтүү;
Мамлекеттик комиссиянын мүчөлөрү 7-8-августта Кой-Таш айылында болгон окуяларга толугу менен Алмазбек Атамбаев жана анын тарапташтары жоопкерчиликтүү деген бүтүмгө келишти.
Комиссия УКМКнын жана ИИМдин кызматкерлерине Атамбаевди кармоо жана мажбурлап алуу келүү иш-чарасындагы иш-аракеттерине укуктук баа берүүнү сунуштады.