Алматы облусундагы бала бакчалардын биринде бөбөктөр митингди чагылдырышкан. Балдар “Колбин, кетсин” деген плакаттарды колуна кармап кыйкырып жатканда, оюнчук автоматчандар аларды кубалаган. Бул тууралуу Tengrinews.kz. жазды.

Интермедияны коюуга болгон даярдыктагы видео соцтармактарга тарады. Кадрда көрүнүп тургандай балдар эки тайпага бөлүнүп, бири бирине каршы турушкан.

Бул көрүнүш 12-декабрда жеке менчик бала бакчалардын биринде болгон. Түшүндүрүү иштерин жүргүзүү үчүн учурда негиздөөчү жана методист Талгар райондук сотунун билим берүү бөлүмүнө чакырылды.

Геннадий Колбин —Казакстандын КП биринчи секретары болгон. 1986-жылы жаштар анын кызматка дайындалышына каршы чыгышкан.

Макала жактыбы?

НетДа
2
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 166