Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги тараткан маалыматка караганда, келин Өзгөндүн Ана-Кызыл айылынан болот. 1989-жылы туулган.

Айрым басылмалар келиндин учурда 2 уулу, 1 кызы бар экенин жазды. Анын жолдошу 7-8 жылдан бери Москвада иштейт. Келин күйөөсүнүн артынан 1 уул, 1 кызы менен жакында эле Москвага барган.

Азыркы учурда Социалдык кызматкерлер, ички иштер кызматынын кызматкерлери, айыл өкмөттүн кызматкерлери балдардын чоң ата, апаларында жана жакын туугандары менен иш алып барып жатышат. Иштин жүрүшү менен кошумча маалымат берилет.

Ал эми «Баланын укугун коргоо лигасы» коомдук фонду балдарын сабаган учурду видеого тарткан келиндин өздүгүн аныктоо үчүн Биринчи май РИИБге арыз жазды.

Аталган фонддун жетекчиси Назгүл Турдубекова билдиргендей, ал аялды жоопко тартып, балдардын коопсуздугун камсыздаш керек.

 

Макала жактыбы?

НетДа
18
5
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: