Бишкек шаарында милиция кызматкерлери тарабынан алдамчылыкка шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Октябрь РИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

3-декабрда милиция бөлүмүнө Р.Б. аттуу шаар тургуну арыз менен кайрылган. Анын айтымында, ушул жылдын июнь айында А.А. аттуу жаран ишенимге кирип, 180 миң сомго бааланган «Дэу Матиз» үлгүсүндөгү унаасын сурап алып, качып кеткен.

Бул факт Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексиндеги 204-берене (алдамчылык) боюнча катталган.

“Издөө иштеринин жүрүшүндө шектүү катары 1995-жылы туулган А.А. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда шектүүнүн ушул сыяктуу башка кылмыштарга тиешесин текшерүү үчүн кошумча тергөө иштери жүргүзүлүп жатат”, – деп айтылат милициянын билдирүүсүндө.

 

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: