Бишкекте тергөөчү пара менен кармалды

Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматы тарабынан Бишкек шаарында тергөөчү пара менен кармалды. Бул тууралуу кечээ, 12-декабрда күч түзүмдөрүндөгү булактар билдирди.

Болжолдуу маалымат боюнча, кызматкер жөө жүргүнчүнү сүзүп кеткен айдоочудан ишти сотко жөнөтпөө үчүн 1000 доллар талап кылган.

«Айдоочу жүргүнчүнүн дарылануусуна кеткен чыгымды, материалдык жана моралдык зыянды төлөп берген. Жабырлануучу тосмо арыз жазган. Бирок кызматкер айдоочу акча бербесе, ишти сото жөнөтөм деп коркуткан», – деди булак.

Тергөөчү 30 миң сом алып жатканда кармалды.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь