40 миң доллар алдап кеткен уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин атайын каттоосунда турган 40 жаштагы К.Т. аттуу Бишкек шаарынын тургуну кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

6-декабрь күнү ИИМдин Тергөө кызматына Р.Т. аттуу жаран арыз менен кайрылып, 2019-жылдын 22-март күнү Бишкек шаарынын Ж. Абдырахманов көчөсүндө жайгашкан акча алмаштыруу пунктунун жанынан тааныш Сталбек жана анын достору Кубан, Алмаз аттуу жарандар Бишкек шаарынын Дордой базарынын борбордук өтмөгүнүн жанынан контейнер сатып алып беребиз деп, арыз ээсинин ишенимине киришип, алдоо жолу менен жалпысынан 40миң АКШ долларын ээлеп алышканын билдирген.

Ошол күндөн бери бул жарандар контейнерди сатып алып бербей же акча каражатын кайтарып бербей качып жүрүшкөндүгү белгилүү болгон.
Жогорудагы факты КЖБРге катталып, “Адамчылык” беренеси менен сотко чейинки өндүрүш башталган.

9-декабрь күнү ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери тарабынан жогорудагы сотко чейинки өндүрүштүн алкагында жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында 1979-жылы туулган К.Т кармалып, Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Азыркы учурда аталган кылмыш ишине тиешеси бар башка шектүүлөрдү кармоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 85