Бишкек ШИИББнин жол кырсыктары боюнча тергөө башкармалыгынын тергөө кызматынын башчысы 1 миң доллар талап кылууга шектелүүдө. Бул тууралуу Kaktus.media күч структура кызматкерлерине таянып жазды.

Алардын айтымында, Бишкек ШИИББнин жол кырсыктар боюнча ТБнын тергөө кызматынын башчысы 12-декабрда саат 16:40дар чамасында Бишкек боюнча ЖККБнын имаратынан кармалган.

Белгилүү болгондой аткаминер жол кырсыгы боюнча кылмыш ишин токтотуу үчүн акча талап кылган. Ал 1 миң долларга материалдарды сотко өткөрбөөгө макул болгон.

Бирок жабырлануучуга моралдык жана материалдык чыгымдар төлөнүп берилген. Ал тосмо арыз жазып бергенине карабай, тергөө кызматынын башчысы ишти сотко өткөрбөө үчүн акча талап кыла берген.

Натыйжада финансы полициянын кызматкерлери башчыны 30 миң сом пара менен кармады.

 

Макала жактыбы?

НетДа
2
1
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 269