Бүгүн, 13-декабрда саат 10:39 чамасында Кыргызстандын аймагында күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институтунан билдиришти.

Жер титирөөнүн күчү Чоң-Алай районунун Ачык-Куу айылынан түндүк-чыгышка 15 чакырымда, Кашка-Суу айылынан түштүккө 17 чакырымда, Ош шаарынан түштүк-батышка 120 чакырымда жайгашты.

Жер титирөөнүн күчү Ачык-Суу айылында 4-4,5 баллга, Кашка-Суу, Жайылма айылдарында 2 баллга, Газ айылында 4 баллга, Кара-Кабак, Сары-Могол айылдарында 3,5 баллга, Кара-Шыбак, Кабык, Бор-Дөбө, Талды-Суу айылдарында 3 баллга, Кара-Киндик, Шибе айылдарында 2,5 баллга чейин сезилди.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: