Бишкектин Свердлов райондук сотуна үч медиага каршы доо арыз жазган Матраимовдордун жактоочусу жаңы арыз бергени кабарланды. “Азаттык” өздүк булактардын маалыматына таянып, адвокат «Азаттык», «Клооп» жана 24.kg басылмаларынын жана журналист Али (Мухаммедали) Токтакуновдун эсебин камакка коюу тууралуу чечимди жокко чыгарууга арыз берген.

Тактап айтканда, арыз банк эсептери жөнүндө болуп жатат. Ал эми негизги доо арыз кала бермекчи. Бул арыз бүгүн, 13-декабрда каралышы мүмкүн. Эгерде сот жактоочунун арызын канааттандырса, чечим он күндүн ичинде күчүнө кирет.

Бир туугандар Райымбек жана Искендер Матраимовдор, алардын жубайлары жана үй-бүлөлүк «Ысмайыл Матраимов атындагы фонд» сотко кайрылышкан. Алар «Матраимовдордун кадыр-баркына доо кетирген» деп «Азаттык» радиосунан, кабарчы Али Токтакуновдон, «Kloop.kg» жана 24.kg сайттарынан жалпысынан 60 миллион сом өндүрүп берүүнү өтүнүшкөн.

Арыздын негизинде Бишкектин Свердлов райондук соту 10-декабрда Кыргызстандагы бардык банктарга аталган тараптардын эсептерин камакка коюуга аныктама берген. «Азаттык» радиосун тейлеген банк 12-декабрда мекеменин эсебиндеги 22,5 миллион сом өлчөмүндөгү каражат камакка коюлганын тастыктады.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 175