Ноокатта унааларды талкалап, башаламандык жараткан атчандар кармалды (ВИДЕО)

Ноокат районундагы массалык мушташка байланыштуу 50 адам сурак берип, 6 адам камакка алынды. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

11-декабрь күнү Ноокат районунун Жаңы-Ноокат айыл аймагындагы Жандама айылындагы көчөлөрдүн биринде белгисиз атчан адамдар бейбаштык аракеттери менен жолдон өтүп бара жаткан автоунааларга ат салышып колундагы нерселери менен айнектерин талкалап, мындагы жарандардын денесине жаракат келтирген.

Милиция кызматкерлери окуя болгон жерге жетип барышып атчандарды таркатышып, жарандардан түшкөн арыздарды Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 266-беренеси менен катталып тергөө иштери башталган.

Жаңжалдын чыгыш себебин тактаганда төмөңдөгү жагдайлар белгилүү болгон: бир күн мурда Жаңы-Ноокат айылынын борборунда айыл жаштарынын ортосунда футбол мелдеш өткөрүлгөн. Футбол ойногон учурда түшүнбөстүктөр болуп Бак көчөнүн бир баласы калыс менен айтыша кетет. Калыс өз милдетин аткарып жатат ага сөз тийгизбе деп Шалдырамалык жигит калыска болушат.Арадан эки күн өткөндөн кийин Бак көчөнүн баласы Шалдырама көчөсүнө барып калыска болушкан баланы жекеме-жеке мушташка чакырат. Мушташуу үчүн улак чабылуучу аянтчаны тандашат. Ал жерге барган учурда Бак көчөсүнүн баласын Шалдырама көчөсүнүн баласы уруп коет. Ага ызаланышкан Бак көчөнүн балдары айылдашына болушуп тиги балдарды ат менен кубалашып айылына чейин барышат. Ошентип Шалдырама көчөдөкүлөрдү ат менен кубалашып бейбаштык аракеттерди баштаган учурда милицияга кабар жетип окуя андан ары уланганга жол берилбей токтотулуп калган.
Учурда чыр чыгарганга себепчи болгон жарандарды кармап келип териштирүү иштери жүрүп жатат. Бул окуя боюнча жалпысынан 5 арыз түшкөн.

Арыз ээлери автоунаасына материалдык зыян келтиргендиги жана денесине жарат алгандыгы боюнча кайрылышкан. Чырдашкан тараптар баары бир улуттун өкүлдөрү. 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь