Ошто жардын астында соода кылгандар коопсуз жайга жылдырылат

103

Ош шаарындагы жардын астында жайгашкан жыгач базар менен тоок базарда иштеп жаткан соодагерлерге түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, коопсуз жайга жылдырылат. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматынан кабарлады.

Бүгүн Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов менен Өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедов жар көчүп кетүү коркунучу бар аймакка барды.

Маалым болгондой, Шейит-Дөбө аймагындагы (Тоок базардын үстү) Ленин көчөсүндө 32 үй жана Бабарайымов жана Ош көчөлөрүндө 22 турак үйлөрдүн ээлерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.

Калаа башчысы кооптуу жайда жашап жаткандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, кооптуу абалды жоюу боюнча тапшырмаларды берди.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь