ИИМдин ири өлчөмдөгү героин баңги затын сатуу менен алектенгендерди аныктоо жана аларга бөгөт коюу боюнча операциясы ийгиликтүү аяктады. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 9-декабрь күнү ИИМдин Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан Ош шаарындагы үйлөрдүн биринде тинтүү жүргүзүү учурунда ак түстөгү, өзгөчө жыты бар зат табылып алынган. Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Шектүү катары ИИМде уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоосунда турган Жалал-Абад облусунун тургуну 1986-жылы туулган А.Р. аттуу тургун кармалган. Табылып алынган зат 1 килограмм 870 грамм салмактагы героин баңги заты экендиги аныкталган.

Азыркы учурда сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, жогорудагы кылмышка тиешеси бар башка жарандарды кармоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 44