Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясында ишкерлерден пара алып турган туруктуу коррупциялык схема аныкталды. Бул тууралуу УКМКдан билдирди.

Аталган инспекциянын кызматкерлеринин тобу мыйзамсыз баюу максатында, каржы булагы түшүп турган туруктуу схеманы түзүп алышкан. Маселени оң жагынан чечип берүү менен менчик компаниялардан акча алып турушкан.

“Коррупция” жана “Пара алуу” беренелери менен кылмыш иши козголуп тергөө иштери жүргүзүлгөн.

11-декабрда кезектеги параны алып жана $2 000 акчаны бөлүштүрүп жаткан жеринен Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын башкармалыгынын башчысы А. Т. жана башкы инспектор Б. Б. кармалды. Алар менен кошо дагы 4 кызматкер УКМКнын тергөө абагына камакка алынышты.

 

Макала жактыбы?

НетДа
22
2
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: