Президент Матраимов тууралуу: Бул аягына чыгат, чыдап тургула

Президент Сооронбай Жээнбеков 12-декабрда Бириккен Араб Эмираттарында жашаган кыргызстандыктар менен жолукту. Жолугушууда учурдагы актуалдуу маселелер көтөрүлдү.

Президент Жээнбеков иликтөө жүргүзгөн журналисттерди Кыргызстанга келип, документтерин өткөрүп берүүгө чакырып, коопсуздугуна кепилдик берерин билдирди.

” Керек болсо мен да кепилдик берем. Келип, фактысы болсо берсин, – деген президент укук коргоо, сот органдарында бурмалоо болбой турганын белгиледи.

” Бул аягына чыгат. Чыдап тургула. Ошол далилдерди алып келип берсин, органдарга. Чындыктын артында биз турабыз. Чындык болот, – деди президент.

Суроо бергендердин бири Чолпон Абдырахманова журналисттик иликтөө ашкерелеген, Райымбек Матраимовдун декларациясында көрсөтүлбөгөн Дубайдагы мүлкү боюнча кандай чара көрүлөрүнө кызыкты.

– Мен да «Азаттыкты» угуп алып тапшырма берип атам. «Мына, текшергиле, «Азаттыктан» чыкты» деп, – деди Жээнбеков.

Булак: Азаттык

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь