Жогорку сотко караштуу Соттук департаменттин башкармалыгынын башчысы акча талап кылуу жана пара алуу менен шектелип кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдирди.

УКМКнын коррупцияга каршы күрөшүү кызматы Башкы прокуратурадан түшкөн материалдардын негизинде А.А. аттуу башчыны ири суммадагы пара талап кылуу менен кармашты.

Белгилүү болгондой А.А. Соттук департаментте иштегендер менен алдын-ала  сүйлөшүп алып «С.Г.» ЖЧКсынын жетекчисинен 3 000 000 сом пара талап кылып алган. Ал эми аталган компанияга райондук соттордун биринин административдик имаратын оңдоп түзөөдө тендерди утуп алуу маселелерин оң жакка чечип берүүнү убадалашкан.

11-декабрда ыкчам-тергөө иштеринин натыйжасында башкармалыктын башчысы кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда сотко чейинки өндүрүш иши жүрүүдө.

Макала жактыбы?

НетДа
9
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: