Ошто алдамчылык фактысына шектүү катары Ноокат районунун Кеңеш айыл аймагынын тургуну “Курманбек” аттуу жаран кармалды. Чыныгы аты-жөнү П.К. болгон. 1986-жылы туулган. Ал Ош шаарында түрдүү даректерде ордун алмаштырып, убактылуу жашап жүргөн. Бул тууралуу Ош ШИИБнен билдирди.

Кармалган жаран Ош шаарынын Өскөналиев көчөсүнөн офис ижарага алып, «АВТОШКОЛА» деген жазууну илип коюп, алдына эски унаанын токтотуп койгон. Келген адамдарга өзүн ошол «мектептин директорумун» деп тааныштырган.

Айдоочулук күбөлүк алам деп алданып калгандардын саны 40 адамдан ашкан. Окууга келген адамдарга бардык категориядагы айдоочулук күбөлүк алып берүүнү убадалап, 20 миңден 50 миңге чейин акчаларын алган.

Шектүү мурда дагы алдамчылык фактысы боюнча кармалып, сот тарабынан үй камагына чыгарылган экен.

Кимде ким бул жарандан жабыр тарткан болсо 03222-6-27-57 телефон номери аркылуу кабар берип коюуңздар.

 

Макала жактыбы?

НетДа
1
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 138