ЖКККББнын Мониторинг борборунун жалданма-оператору А.А. жол эрежесин бузган маалыматты өзүнүн кызматтык компьютерине көчүрүп алып, андан соң “WhatsApp” аркылуу башка адамдарга жөнөткөндүгү аныкталды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.

ИИМдин Ички иликтөө кызматынын кызматкерлери тарабынан ЖМКда чагылдырылган “Мерседес” үлгүсүндөгү 01KG 578 ACD мамлекеттик номерлүү автоунаанын сүрөтү боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүлгөн.

Кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы менен өздөрүнүн түздөн-түз кызматтык милдеттерин тиешелүү деңгээлде аткарбагандыгы жана бузууларды кетиргендиктери үчүн, тактап айтканда кызматтык маалыматтарды кызматтан тышкары колдонуу максатында адамдардын сүрөтүн бөлөк адамдарга тараткандары үчүн ЖКККББнын Мониторинг борборунун жалданма-оператор кызматкерлери А.А. менен К.К. жумушунан бошотулду.

А.А. “Компьютердик маалыматка укук ченемсиз жеткиликтүүлүк” беренесинин кылмыш белгилерин жасагандыгы үчүн шектелип Бишкек ШИИББдин УКЖга киргизилди.

Азыркы учурда ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан ЖКККББнын айрым кызматкерлерине карата сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат.

Макала жактыбы?

НетДа
2
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: