Бишкектин Гагарин жана Термечиков көчөлөрүнүн кесилишинде троллейбус, автобус жана эки жеңил унаанын катышуусунда жол кырсыгы 14- декабрь кунү кечинде катталды. Бул туралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Окуядан 10 адам ар кандай жаракат алган. Троллейбустун айдоочусу Эркин Топеловдун айтымында, кесилиште Honda Odyssey үлгүсүндөгү унаа менен троллейбус жөө адамдарды өткөрүп токтоп турган  маалда “Ясин-Бенц” үлгүсүндөгү автобус аркасынан келип сүзгөн. Троллейбус астындагы Ford Focus унаасына урунган.

“Кырсыктан автобустун алты жүргүнчүсү, троллейбустагы эки киши жана жеңил унаалардын эки айдоочусу жабыркаган. Коомдук транспорттогулардын баарына тиешелүү медициналык жардам көрсөтүлүп жатат. Алар №4 шаардык ооруканага жеткирилген. Машиналардын айдоочулары амбулатордук жардам алышты. Жүргүнчүлөрдүн эти ооруп калган, бирөөсүнүн буту сынганы айтылды”, –  дейт мэриянын маалыматында.

 

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 184