Равшан Жээнбеков эки айга камакка алынды

Жогорку Кеңешинин мурдагы депутаты, саясатчы Равшан Жээнбеков соттун чечими менен эки айга камакка алынды. Бул туралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди.  Жээнбеков Жазык кодексинин 244- беренесинин 2-бөлүмүндө (барымтага алуу) каралган кылмыш белгилери боюнча шектелип жатат.

“2019-жылдын 12-декабрь күнү Кыргыз Республикасынын ИИМнин Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 244- беренесинин 2-бөлүмү (барымтага алуу) жана 264-беренесинде (массалык башаламандыкты уюштуруу), 39, 309- беренесинде (бийликти күч менен басып алууга даярдануу) көрсөтүлгөн кылмыштарды жасоого шектелип Кыргыз Республикасынын ЖПКнын 98-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин мурдагы депутаты Жээнбеков Равшан Бабырбекович кармалган. 2019-жылдын 14-декабрь күнү Биринчи май райондук соту тарабынан Р.Жээнбековго карата 2019-жылдын 9-февралына чейин камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасы тандалды”.- деп билдирет

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь