Бүгүн 16-декабрда кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында Кыргызстан менен Тажикстандын жарандарынын ортосунда пикир келишпестик орун алды. Бул тууралуу мамлекеттик чек ара кызматынан билдирди.

Бүгүн Баткен районунун Көк-Таш айылында тажиктер такталбаган чек ара тилкесиндеги дүкөнгө жакын дубал тургузуп баштаган.

30-40тай Кыргызстандын жарандары дүкөндүн жанына чогулушуп иштин жүрүшүнө нааразычылктарын билдиришкен. Ортодо кайым айтышуу болуп кеткен. Чыр чыккан жерге КРнын чек арачылары келип, тажик тараптын жарандарынан ишти токтотууну талап кылышкан. Бирок тажикстандыктар моюн берген эмес.

Учурда Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара кызматынын өкүлдөрү, өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү жана Согди облусунун губернаторунун орун басары менен жолгушуу өтүүдө.

Ведомстводон белгилегендей, кыргыз тарап такталбаган аймакка кандай гана иштер жүргүзүлбөсүн токтотууну талап кылышууда.

 

Макала жактыбы?

НетДа
2
1
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: