Бишкек шаарында милиция кызматкерлери тарабынан уурулукка шектелген жигиттер кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 16-декабрда Октябрь РИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, милицияга 3 гипермаркеттин коопсуздук кызматынын башчылары арыз менен кайрылган. «Глобус» гипермаркетинин күзөт кызматынын башчысынын айтымында, 9-декабрда саат 19:30 чамасында белгисиз жигиттер 13 миң 372 сомго бааланган алкоголдук ичимдиктерди уурдап кетишкен.

Ушул эле күнү саат 17:30 чамасында “Фрунзе” гипермаркетинде 32 миң сомго жана башка филиалынынан  10 миң 402 сомдук алкоголдук ичимдиктери уурдалган.

Ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө шектүү делип 2001-жылы туулган Б.Д., 1995-жылы туулган Н.Б., 1994-жылы туулган С.Б., 1991-жылы туулган Б.И. жана 1990-жылы туулган Н.Р. кармалды. Алар сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында 2 айга убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Бул факттар Жазык кодексиндеги 200-берене (уурулук) боюнча Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

 

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: