Белгилүү кинорежиссер, сценарист, эл артисти Болотбек Шамшиев оор абалда жандандыруу бөлүмүндө жатат. Ал мындан 3 жума мурда Президент жана өкмөттүн Иш башкармасынын клиникалык ооруканасына дарыланууга жаткан.

Ооруканага жаткандан бери абалы туруктуу болчу, 3 күн мурда абалы оорлошуп, жандандыруу бөлүмүнө жаткырылды. Бүгүн атайын консилиум болуп, мындан аркы дарылоо стратегиясы каралды“, – деп билдирет Сүйүтай Шамшиева.

Консилиумда дарылануу стратегиясы иштелип чыкты жана мындан ары кандай чаралар көрүлөрүн аныктадык. Кийинки консилиум келе жаткан бейшемби күнү болот“, – деп билдирди уулу Чынгыз Шамшиев.

” Ооруканага түшкөндө чалды эле, бирок реанимация болгондуктан дарыгерлердин сунушун туура кабыл алгам. Эми жүрөгүм ушунчалык ооруп жатат. Негизи эле биз тирүү кезинде эч бир таланттуу гениалдуу инсанды баалай албай жатабыз. Болот Төлөнөвич, Сиз күчтүү адам катары ооруну жеңесиз. Анан өзүңүз машинаны айдап келип, ушунчалык сонун ойлорунузду айтасыз. 9-майда Өзгөндө китептериңиздин кечесин өткөрөбүз! Пландар бизде көп эмес беле!” ,- деп жазат вице-спикер Аида Касымалиева өзүнүн баракчасында.

Болотбек Шамшиев быйыл 79 жашка чыкты.

Макала жактыбы?

НетДа
12
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: