Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Бакчиев бүгүн УКМКга суракка чакырылды. Бул тууралуу анын адвокаты маалымат таратты. Бирок эл өкүлү кайсыл кылмыш ишинин алкагында чакырылып жатканын ачыктаган жок.

Алдын ала маалыматтар боюнча УКМК Жаныбек Бакчиевдин Мамлекеттик каттоо кызматын жетектеп тургандагы ишмердүүлүгүн кайрадан текшерип баштады.

Белгилей кетсек, Бакчиев 2009-жылы аталган кызматка төрага болуп дайындалып, 2011-жылы бул кызматтан кеткен.

Эске салсак, ал кызматтан кетүү себебин аны дайындоого сунуштаган партия жаңы көпчүлүк коалицияга кирбей калгандыгына байланыштырган.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: