Жогорку Кеңешке төрагалык кылууну каалагандардын аты аталды

Жогорку Кеңештин депутаттары Исхак Масалиевдин парламенттин төрагасы Дастанбек Жумабековду кызматтан чакыртып алуу сунушун колдой турган болсо, бул орунга келе турчулардын аттары аталды.

24.kg ге кабарлашкандай Жогорку Кеңешке төрагалык кылууга эки талапкер бар-“Өнүгүү Прогресс” партиясынын башчысы Бакыт Төрөбаев жана КСДП партиясынын башчысы Иса Өмүркулов.

Исхак Масалиев 24kg ге билдиргендей төраганы кетирүү сунушун кесиптештери колдойт. Бирок добуш берүүгө келгенде кандай чечилерин ал толук ишендирип айта албайт.

Эгер мени колдобошсо, мисалы менин фракциям, мен бул суроону башка фркациялар карап көрүшүн суранам”- дейт Исхак Масалиев.

Буга кошумчалай “Ата Мекен” партиясынын башчысы Алмамбет Шыкмаматов төрага Дастанбек Жумабековдун кетишине эч кандай негиз жок деп эсептейт.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь