Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Италияга болгон расмий иш сапарынын алкагында Рим шаарында Италия Республикасынын сенатынын вице-спикери Паола Таверна менен эки тараптуу жолугушуусу болуп өттү.

Аталган министрликтин басма сөз кызматы билдиргендей, тараптар Кыргызстан менен кызматташуу боюнча достук тобун түзүү аркылуу парламенттер аралык байланыштарды өнүктүрүү, ошондой эле эки өлкөнүн парламенттик делегацияларынын өз ара сапарларын уюштуруу маселелерин талкуулашты. Италиялык тарап Италия парламентинде Кыргызстан менен достук тобу түзүлгөндүгүн маалымдады.

«П.Таверна региондогу парламенттик демократияны бекемдөөдө Кыргызстандын ролун жогору баалады. Парламенттер аралык диалогду мындан ары активдештирүүгө даярдыгын билдирди», – деп айтылат маалыматта.

Булак: Баракелде.орг

 

Макала жактыбы?

НетДа
2
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: