КУНДУЗ ЖОЛДУБАЕВА СУРАККА ЧАКЫРЫЛЫП, КОЕ БЕРИЛДИ

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги тарабынан 7-8-август күндөрү Аламүдүн районундагы Кой-Таш айылында болгон баш аламандык, барымтага алуу жана өлтүрүү фактылары боюнча бир катар кылмыш иши иликтенип жатат. Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, 2019-жылдын 16-декабрь күнү тергөө иш-чараларын жүргүзүү үчүн күбө катары Кундуз Жолдубаева чакырылган. Суракка алынган соң ал кое берилди. Ал камакка алынды деген билдирүү чындыкка дал келбейт.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь