Мурунку ички иштер министри Молдомуса Конгантиевдин актоочу өкүмү күчүндө калды. Бул тууралуу жактоочусу Икрамидин Айткулов билдирди.

Анын айтымында, биринчи инстанциянын чечимин бүгүн Бишкек шаардык соту колдоду.

Эскерте кетсек, 2010-жылы ИИМди жетектеген Молдомуса Конгантиев 5-июль күнү акталган. Прокуратура аны айыптуу деп таап, алты жылга эркинен ажыратып, 100 миң сом айып салууну талап кылган. ИИМдин мурунку башчысына карата 2010-жылдын апрель окуяларында кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланды деген айып тагылган. 7-апрелде ал Кыргызстандан чыгып кеткен. Бирок, көп өтпөй Орусиянын федералдык коопсуздук кызматы тарабынан кармалып, Бишкекке экстрадицияланган.

Биринчи май райондук соту Молдомуса Конгантиевге карата актоочу өкүм чыгарган болчу.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 107