“12-декабрда божол менен саат 00:20да ИИМдин тергөө кызматы Равшан Жээнбековду ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына жайгаштырган. Убактылуу кармоочу жайга жайгаштырууда Равшан Жээнбеков дарыгердин кароосунан өткөн жана ал эч кандай доо арызын айткан эмес”- дейт Бишкек ШИИББнин маалымат катчысы.

Бишкек ШИИБнин убактылуу кармоо жайынын эрежелерине ылайык ал жерде жатуучу жайы, керебет, кебез жууркандар жана ашкана столу жайгаштырылган. 14- декбарда 11:10 до Равшан Жээнбеков Биринчи май райондук сотуна алып келинип, эки айга Бишкек милициясынын СИЗО-1ге кармоо чечими чыккан.

Равшан Жээнбеков кайра ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына ошол эле күнү 22:00 дө алынып келинип, 16-декбарда 11:00 дө Бишкек шаардык СИЗО-1ге жөнөтүлгөн.

Буга чейин Равшан Жээнбеков убактылуу кармоочу жайда суук болуп жатканына арызданган.

ШИИБ убактылуу кармоочу жайга ЖЭБтин борбордук жылуулук линиясынан берилет. Анда бөлмөнүн ичинде ортчо 15- 20 градус жылуу болот. Мындан сырткары жылуулукту кармоо үчүн кошумча электр жылыткычтар колдонулат. Равшан Жээнбеков ШИИБдин убактылуу кармоо жайында болгон кезде расмий арызданган дооматын билдирген эмес”,- дейт Бишкек ШИИББнин маалымат катчысы.

Буга байланыштуу бүгүн 16-декабрда акыйкатчынын өкүлү Уланбек Суханалиев Бишкек ШИИББнин убактылуу кармоо жайында болду. Ага бардык убактылуу кармоочу жайдын шарттарын көрсөтүштү.

Равшан Жээнбековду “Массалык башаламандыкты уюштуруу жана барымта алуу “ иштери боюнча 12-декарда кармашып 2020-жылдын 9- февралына чеийн кайтарууга алышкан.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: