Словакиянын журналисти Барбора Жачикова хоккей боюнча өлкөнүн чемпионатында “Банска-Бистрица” жана “Попрад” (1:2) командаларынын беттешинде катуу жаракат алды. Бул тууралуу Cas.sk жазды.

Оюн учурунда бурчка тийген шайба муз талаасынан ыргып барып кыздын бетине тийген. Натыйжада кыздын бет сөөгү сынып, баш мээси чайкалган жана көзү жабыркаган.

Дарыгерлер журналисттин көрүүсүн сактап калууну жана жабыркаган жердин мимикалык булчуңдарын калыбына келтирүү үчүн күрөшүп жатат.

Кийин травмадан калга тактарды кетирүү үчүн Жачикова пластикалык операция жасатууга мажбур. Өзүнүн айтымында блокнотко жазып жаткан учурда шайба учуп келип бетине тийген. Бетин катканга үлгүрбөй калган.

 

 

Макала жактыбы?

НетДа
1
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 90