Ош облусунда ажылык сапарга каттоо башталды. Бул тууралуу облустагы ажылык сапар боюнча башкы адис Акжол Бакиров билдирди.
Ажылык сапарга каттоо 16-декабрдан 30-декабрга чейин жүргүзүлөт.
Талапкерлер Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын түзүмүндөгү облустук, шаардык казыяттарда жана райондук хатибияттарда, банкка төлөнгөн алгачкы 500 доллар жана кайтарымсыз 700 сом төлөнгөнүн тастыктаган дүмүрчөктүн негизинде каттоого алынат.

1. 2020-жылы ажылыкка каттоо тартиби бир гана электрондук ID-карт паспорттун негизинде жүргүзүлөт;

2. ажылык наркынын ичинен (калькуляцияда көрсөтүлгөн) алдын ала 500 АКШ доллар «РСК» банкына (ажылык-2020 эсебине) төлөгөндүгү тууралуу дүмүрчөктүн түп нускасы;

3. ажылыкка катталуу үчүн кайтарымсыз төлөмдүн «РСК» банкына (ажылык-2020 эсебине) төлөнгөн 700 сомдун дүмүрчөгүнүн түп нускасы;

4. ажылыкка баруучунун жашаган жериндеги каттоосу 2019-жылдын 1-августунан кем болбоосу шарт. (Эски паспорттун мөөнөтү бүтүп алмаштыргандан башкасы);

5. жалпы жарандык паспорту (электрондук паспорт менен тышкы паспорт бир баракка көчүрүлүүсү зарыл, тышкы паспорттун жарамдуулук мөөнөтү 2021-жылы 31-январь айына чейин бүтүүсү жараксыз);

6. аял киши үчүн махрамдын (жакын тууган) болуусу шарт (күйөөсү менен барса нике күбөлүгү ал эми махрамы менен барса туулгандыгы тууралуу күбөлүк талап кылынат). 1975-жылы май айында төрөлсө туулгандыгы жөнүндө күбөлүк же нике күбөлүгүнүн көчүрмөсү талап кылынат, ал эми июнь айында төрөлсө документтин түп нускасы талап кылынат;

7. 3х4 өлчөмүндөгү 4 даана сүрөт (сүрөт түстүү, ак фондо, жылтырабаган кагазда болуусу шарт. Аялдар үчүн сүрөткө ак жана кара жоолук, ал эми эркектер ак көйнөк жана ак баш кийим менен түшкөнгө болбойт);

8. №086 формасындагы медициналык маалым кат;

9. персоналдык маалыматтарды иштеп чыгууга макулдугун берген катка кол коюу. (ID-карт паспортунда көрсөтүлгөн колу гана жарактуу);

10. келишимге кол коюу жана ажылык серверге киргизүү;

11. ажылык визасын алуу үчүн анкетага кол коюу. (Жалпы жарандык паспортунда көрсөтүлгөн колу гана жарактуу);

12. ажыга баруучунун кийим өлчөмү жана жеке телефон номуру каттап жаткан операторго берүүсү талап кылынат;

13. ажылыкка баруучу жарандын жашы 18 жаштан төмөн болбоосу шарт. (2020-жылы 18 жашка толо турган жарандар ажыга барууга укуктуу);

14. Сауд Араб Падышалыгы тарабынан же САПтын ажылык базасынан (Масар электрония), виза алуу учурларда, мурда ажыга барган талапкерлерге калькуляциядан тышкары кошумча төлөмдөр пайда болсо, ажыга баруучу талапкер өзү төлөйт.

Макала жактыбы?

НетДа
1
1
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: