Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети Кыргызстандын Малайзиядагы элчилик кызматына Азимбек Бекназаровдун талапкерлигин жактырды. Азимбек Бекназаров элчи болуп дайындалса Малайзия менен мамилени жакшыртып, инвестиция тартууну пландап жатканын билдирди. Саясатчы бул үчүн чет тилди билүү маанилүү эмес экенин, бирок малай тилин өздөштүрүүгө аракет кыларын айтты.

“Тил- маанилүү эмес, эң башкысы- мамлекеттик тилди билүү. Кеп өз тилиңди канчалык сүйгөндүгүңдө. Ал эми элчилик ишиндеги эки жүз сөздү 2-5-класстын балдары деле жаттап алат. Малайзияга барсам малай тилиндеги 200 сөздү бир айдын ичинде жаттап алыш колдон келет”, – деди Бекназаров.

Бекназаров буга чейин баш прокурор, Жогорку Кеңештин депутаты, Убактылуу Өкмөттө вице-премьер-министр болуп иштеген.

Макала жактыбы?

НетДа
1
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 60