АКШнын Өкүлдөр палатасынын эл аралык иштер боюнча комитетинин Кыргызстандын Өкмөтүнө журналисттерге карата кысымды токтотуу боюнча акыркы билдирүүсү – бул өлкөнүн сот бийлигине жасалып жаткан кысым. Мындай пикирин эксперт Шерадил Бактыгулов билдирди.

Кыргызстанда “Азаттык” деген ат менен белгилүү “Азаттык Радиосу” медиа-холдинги АКШнын Конгрессинин бюджетинен камсыздалат. Бул өңдүү билдирүүлөр алардын саясатын жүргүзүп жаткандарды калыбына келтирүү болуп саналат. Эгер кеп сөз эркиндиги жөнүндө болуп жатса, бир нерсени эске алып коюш керек, АКШга караганда Кыргызстанда сөз эркиндиги жогору турат. Мисалы, биздегидей жарыялар Russia Today басылмасында жарыяланса, автоматтык түрдө аккредитациядан четтетилет. Көптөгөн кызматкерлерге виза берилбейт. АКШда бул сыяктуу макалага өзгөчө репортаждарга жаза берилет. Анткени ал жакта далилдөөчү база талап кылынат”

Ал эми Матримовдор өздөрүнүн ар-намысын жана кадыр-баркын коргоодо, алардын буга укугу бар дейт Шерадил Бактыгулов.

“Бул жакта бийликтин кандай тиешеси бар? Соттук системага кысым көрсөтүү десем жарашат. Матраимовдор ЖМКнын эсебин камакка алуу боюнча арыз жазды. Сот бийлиги мыйзам чегинде аракет көрдү“,-деген ойдо эксперт.

Белгилей кетсек, бүгүн Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасы Исхак Пирматов жана аталган комитеттин мүчөлөрү Үмбөталы Кыдыралиев, Бектен Сыдыгалиев АКШнын Өкүлдөр палатасынын эл аралык иштер боюнча комитетинин акыркы билдирүүсүн сынга алышты. Депутаттар Кыргызстанда демократия жана сөз эркиндиги корголуп жатканын айтып, АКШнын Өкүлдөр палатасынын билдирүүсүн өлкөнүн ички ишине кийлигишүү катары баалашты.

 

 

 

Макала жактыбы?

НетДа
1
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: