Жогорку Кеңештин депутаты Дүйшөн Төрөкулов кайрадан УКМКга суракка чакырылды. Белгилүү болгондой ал журналисттик иликтөөнүн алкагында бүгүн саат 14:00го күбө катары чакыртылган.

Маалыматка ылайык, КР Кылмыш-жаза кодексинин 39-130-беренесинин 1-бөлүгү (Адам өлтүрүүгө аракет жасоо) боюнча Башкы прокуратура тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган журналисттик иликтөөнүн материалдары боюнча сотко чейинки териштирүүлөрдүн алкагында, ведомстволор аралык тергөө тобу тарабынан тергөө иш-чаралары уланууда.

Эске салсак, депутат Дүйшөн Төрөкулов буга чейин дагы аталган кылмыш иштин алкагында 2-декабрда УКМКга сурак берип чыккан. Социалдык тармактарда Төрөкулов менен Түркияда өлтүрүлгөн Айеркен Саймаитинин бирге түшкөн сүрөтү жарыяланган болчу.

 

 

Макала жактыбы?

НетДа
1
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 90