Жээнбаева эмнеге кара кийимге оронгон? Министрликтин жообу

439

Кыргыз өлкөсүнүн финансы министри Бактыгүл Жээнбаеванын Сауд Арабиядагы расмий сапарга хиджаб кийип барганы тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы комментарий берди.

“Учурда Кыргыз өлкөсүнүн финансы министри Бактыгүл Жээнбаева Сауд Арабиясында өтүп жаткан иш-чарага расмий өкүл катары катышууда. Сапардын алкагында, Ысык-Көл айланма жолун кайра куруу боюнча эки өлкөнүн ортосундагы кредиттик келишимге кол коюлду. Сауд Арабиясында аялдарга дене-мүчөсүн, чачын жапкан абайя стилиндеги көйнөк кийүү талабы бар. Министр дипломаттык этикетти сактап, кабыл алуучу тараптын диний өзгөчөлүктөрүнө, салт-санаасына, маданиятына сый менен карайт. Дипломатиялык этикетти сактоо маданиятты сыйлоо болуп саналат”, – деп жазылат билдирүүдө.

Эске салсак, финансы министринин хиджаб кийип алганы социалдык тармактарда каттуу талкууга түштү. 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь